АКЧА БИРДИГИ – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий А. б. – сом. КР аймагында башка А. б -н киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка А. б. (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.
Өлкөнүн акча бирдиги (Monetary unit) —Өлкөдө мыйзам негизинде белгиленген акча белгиси,өлкөнүн акча системасынын акчалай өлчөө бирдиги болуп саналган негизги элементи.